<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Dm</key>
<title>Теңирим, таянамын коркунуч басканда</title>
<lyrics>[V1]
.   Dm       Gm          A7      Dm
 Теңирим, таянамын коркунуч басканда,
.             Gm        A7       Dm
 Жардамга келишиңди күтөмүн асмандан.
.   Dm             Gm    C     F
 Шашылып бир Өзүңө бүт оюм бурулат,
.Dm                  Gm      D7     Dm
 Көз жеткис мейкиндикте сыйынуум угулат.

[V2]
 Кечикпей жардамы кырсыктан куткарат,
 Бейкуттук курчаган өрөөнгө алпарат.
 Шашылып бир Өзүңө бүт оюм бурулат,
 Көз жеткис мейкиндикте сыйынуум угулат.

[V3]
 Дилимди тазарткан сүйүүңөн күч алам,
 Учкунун сүйүүңдүн башкага бере алам.
 Шашылып бир Өзүңө бүт оюм бурулат,
 Көз жеткис мейкиндикте сыйынуум угулат.</lyrics>
</song>